Жаңы мэр «террордук уюмга жардам берген» деп кармалган Кунакуновдун таякеси экенин айтты

Бүгүн, 27-февралда маалымат жыйынында жаңы шайланган мэр Албек Ибраимов камакта отурган Максат Кунакуновдун таякеси экенин билдирди.

«Эгер изилдеп баштасак, биз, кыргыздар, баарыбыз бири-бирибизге тууган болуп чыгабыз. Максат Кунакунов апам жагынан тууганым болот. Досторум, классташтарым мени Эркин дешет, анткени кыргыздарда 2 ысым менен аташат эмеспи. Бирок мен атымды өзгөрткөн эмесмин. Мектепте эле Албек Ибраимов болчумун»,- деди жаңы мэр.

Эскерте кетсек, 2015-жылдын июль айында Бишкекте жардыруу уюштурууну көздөгөн топ жок кылынган. УКМК өлтүрүлгөн жана кармалган жарандар "Ислам мамлекети" тобунун мүчөлөрү экенин билдирген. Бишкектеги аталган топту каржылап, көмөктөшкөн деп күнөөлөнүп Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Максат Кунакунов аэропорттон кармалып, камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан