Бишкекте чет элдик коммерциялык эмес уюмдарга тийиштүү мыйзам долбоору талкууланды

Бишкекте бүгүн, 29-февралда чет элдик коммерциялык эмес уюмдарга тийиштүү мыйзам долбоору боюнча тегерек стол өттү.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин төрайымы Галина Скрипкина аталган мыйзам долбоорун V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары демилгелегенин белгилеп: “Тегерек столдо аталган маселени кеңири форматта талкуулоо сунушталып жатат. Анткени мыйзам долбоору боюнча өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн пикирлери маанилүү”,- деп билдирди.

Мыйзам долбоору коммерциялык эмес уюмдардын, чет элдик коммерциялык эмес уюмдардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишинин ачыктыгын камсыздоого багытталууда.

Талкууда өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү коммерциялык эмес уюмдардын ишин жөнгө салууга сунушталган чаралар эл аралык укуктардын кепилденген булагы катары эркин биригүү укуктарын чектээрин айтып чыгышып: "Чектөөлөр бейөкмөт уюмдарды өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүсүнөн жана тиешелүү каржы ресурстарын алуусунан ажыратпашы керек”,- дешти.

Катышуучулар өкмөттүк эмес уюмдар үчүн чектөөлөрдү өлкө мыйзамдарына ылайык киргизүү мүмкүндүгүн жана демократиялык коомчулукта улуттук жана коомдук коопсуздуктун кызыкчылыгын да кароо зарылдыгы айтылганын ЖКнын маалымат кызматы кабарлады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан