Тил комиссиясы Бишкектеги жол белгилеринин кыргызча жазылышын көзөмөлдөөдө

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия Бишкектеги жол белгилеринин кыргызча жазылышын көзөмөлдөөдө. Мекемеден бүгүн, 29-февралда билдиришкендей, текшерүү иштери Республикалык
жол-кайгуул кызматы менен биргеликте жүргүзүлүүдө.

"Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов ИИМдин
Жол-кайгуул кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары Таалайбек Дегенбаев менен жолугушууда жол белгилеринин мамлекеттик тилде жазылуусун көзөмөлдөө боюнча тапшырма берген. Сүйлөшүүлөрдөн кийин Жол-кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмү жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча түзүлгөн жумушчу топ Чүй облусу жана Бишкек шаарынын аймагында рейд жүргүздү. Рейд учурунда катталган туура эмес жазылган, макулдашуусуз илинген жарнама такталар, жол белгилеринин 70 пайызы иретке келтирилип, мыйзам бузуу фактылары боюнча 35 административдик протокол түзүлүп, жалпы 17 500 сом өлчөмүндө айып салынган",
- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан