Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин 1-марттагы жыйынына премьер-министр Темир Сариев менен башкы прокурор Индира Жолдубаева келишкен жок. Алар аткаруу бийлигинин кызмат адамдары тарабынан мыйзамдарды системдүү түрдө бузууга жол берилгендиги боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматты бериши керек эле. Өкмөттүн өкүлү түшүндүргөндөй, Темир Сариев учурда 3 апта мурун макулдашылган жолугушууга катышууда.
Депутаттар Т.Сариевдин парламенттик комитеттин жыйынына келбегенин сыйлабагандык деп санашты. "Комитеттин акыркы жыйынында биз премьер-министрдин маалыматын угабыз деп чечкенбиз. Эми кийинки аптага аргасыз жылдырып жатабыз. Премьер-министр бүгүн комитеттин жыйынына келбей койду. Бул сыйлабагандык",- деп нааразы болушту депутаттар.
Талкуунун жыйынтыгында бул маселени кароо кийинки жыйынга калтырылды.