Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров менен өлкөнүн укук коргоо органдарын реформалоо маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 1-мартта өлкөнүн Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда өлкө башчысы коргонуу саясаты чөйрөсүндөгү күндөлүк пландарды ишке ашыруу жана өлкө коопсуздугун камсыз кылуу багытындагы Коргоо кеңешинин ишмердиги тууралуу маалымат алды. Темир Жумакадыров ошондой эле Куралдуу күчтөрдү мындан ары өнүктүрүү, аскерди модернизациялоо жана өлкөнүн коргонуу жөндөмүн чыңдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө баяндама жасады.

Андан тышкары президент Алмазбек Атамбаев жана Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров өлкөнүн укук коргоо органдарын реформалоо маселелерин талкуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан