Премьер-министр Темир Сариев бүгүн, 1-мартта Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведевге "Северная" шахтасында адамдардын өлүмүнө алып келген жардырууларга байланыштуу көңүл айтты. “Орусия Федерациясынын Коми Республикасындагы "Северная" шахтасында көптөгөн адамдар курман болгон кырсык тууралуу маалыматты терең кайгыруу менен кабыл алдым”,- деген Сариев курман болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабырлануучулардын тезирээк сакайып кетишине тилектеш экендигин билдирди.