Судья кызматына талапкерлер калп тапкыч аркылуу (детектор лжи) текшерилиши керек. Мындай сунушту бүгүн, 1-мартта Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында депутат Өмүрбек Бабанов билдирди.
"Судьялыкка талапкер буга чейин пара алганбы же мыйзамсыз чечимдерди чыгарганбы, муну полиграфтан өтүү аркылуу аныктоого болот. Мен өмүрүмдө абдан көп жолу соттошком. Эч кимге мындайды каалабайм. Казакстанда, мисалы, судья кызматына талапкерлер калп тапкычтан өтүшөт. Бизде айрым мамлекеттик кызматкерлер полиграфтан өтүшөт эмеспи. Демек, бул технология өлкөбүздө колдонулууда. Биз муну судьяларды тандоодо пайдалансак болот",- деди Бабанов.
Комитеттин айрым мүчөлөрү бул сунушту колдошорун айтышып, ошондой эле калп тапкычтан текшерүү процессин телеберүү аркылуу көрсөтүү керектигин баса белгилешти.