7-Апрель окуясы боюнча сотто мамлекеттик айыптоочулар Дунганов менен Суталиновду камакка алууну өтүнүштү

Бүгүн, 1-мартта Аскердик сотто 2010-жылкы 7-Апрель окуясы боюнча козголгон кылмыш ишин кароо улантылды. Отурумда мамлекеттик айыптоочулар Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын мурунку орун басары Данияр Дунганов менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурунку төрагасы Мурат Суталиновдун баш коргоо чарасын өзгөртүү, тактап айтканда, аларды камакка алуу өтүнүчүн келтиришти.

Прокурорлор УКМКнын мурунку башчысы Суталинов 20 жылга, Дунганов 25 жылга эркинен ажыратылганын эскертишти.

Белгилүү болгондой, мамлекеттик айыптоочулардын бул өтүнүчү кийинки соттук отурумдарда каралмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан