Өкмөт: "Март айы суук болору күтүлүүдө, ошондуктан бул айда жылуулукту берүү токтотулбайт"

Март айында жылуулукту берүү токтотулбайт. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс боюнча комитетинин жыйынында өкмөттүн өкүлү билдирди.

Анын айтымында, мартта өлкө боюнча аба ырайы суук болору күтүлүүдө. "Бул маселе боюнча "Кыргызгидромет" борбору менен тыгыз иш жүргүзүлүп жатат. Февралдын акыркы күндөрү жылуу болгон, бирок жылуулукту берүүнү убактылуу токтотуу мүмкүн эмес",- деди чиновник.

Депутат Кожобек Рыспаев жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзбөгөнү үчүн өкмөттү сындады. "Бизге жарандар кайрылып, күндүн ысыктыгына кошумча үйлөрүндө да ысык болуп, буга чыдабай жатышканына арызданышууда. Силер түшүндүрүп бербейсиңерби, "мартта суук болот, жылуулукту берүүнү азыр токтотсок, кийин мартта суук башталганда оор болуп калат" деп. Элге кайрылуу жасаш ушунчалык оорбу?"- деп кайрылды чиновниктерге Рыспаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан