БШК Бишкектин жаңы мэрине мандат тапшырды

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 1-мартта Бишкек шаарынын мэрин шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө протоколду бекитти. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маметов жаңы шайланган мэр Албек Ибраимовго шаарды башкаруу мандатын тапшырды.

Эскерте кетсек, борбор шаардын башчысын шайлоо 27-февралда өткөн. Анда Албек Ибраимовдун талапкерлигине шаардык кеңештеги 45 депутаттын 42си "макул" деп добуш берген. Бир депутат "каршы" деп добуш берсе, экөөсү шайлоого катышкан жок.

Ибраимов шаар башчылыгына Бишкек шаардык кеңешиндеги КСДП фракциясы тарабынан сунушталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан