"Оппозициянын биригишине парламенттин алсыздыгы себеп" дейт Наргозуев

"Оппозициялык күчтөрдүн бирикмеси мамлекетибиздеги саясий жана экономикалык кризиске каршы коомчулук менен биргелешкен иш-аракеттерди мобилизациялоо максатында түзүлдү",- деп билдирди SUPER.KG порталына бирикмеге кошулган "Каршылык көрсөтүү кыймылы" уюмунун тең төрагасы Бегалы Наргозуев.

Биригүүдө саясатчылар Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Өмүрбек Суваналиев "өлкөнү саясий жана экономикалык кризистерден чыгаруу күрөшүндө тайсалдабай акыр-аягына чейин туруу" деген бир гана шарт койгонун айтат бирикме мүчөсү. "Экономикабыз сазга батты. Бюджеттин дефицити өсүп, инфляция күчөп, карыздар көбөйө баштады. Мунун баарын тыйып, токтото турган парламент мажүрөө чыкты. Мындай учурда оппозиция биригип, коомчулукту ойготушу керек",- дейт Наргозуев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан