Бүгүн, 2-мартта премьер-министр Темир Сариев өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды.
Өкмөттөн билдиришкендей, жолугушууда өлкөдөгү чукул кырдаалдын алдын алуу жана анын кесепетин жоюу жаатындагы министрликтин 2015-жылы аткарган иштери жана быйылкы жылга аткара турган планы талкууланды.
Сариев Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эффективдүү иш алып барган мамлекеттик органдардын катарында экенин белгилеп, чукул кырдаалдардын алдын алуу жана кесепетин ыкчам түрдө жоюу боюнча иштерди күчөтүү зарылдыгын билдирди. Премьер-министр табият кырсыктарынын алдын алуу жана адам өмүрүнө зыян келтирбөө боюнча иштерге басым жасоону тапшырды. Ошондой эле Темир Сариев жаздын келиши менен коркунуч туудурган аймактарды жана сел коркунучу бар дарыялардын жээктерин бекемдөө иштерин жүргүзүү тапшырмасын берди.
Мындан тышкары жаратылыш кырсыктары катталган аймактардагы тургундарга тезинен жардам көрсөтүү үчүн мобилдүү үйлөрдү куруу жана анда жаңы технологияларды колдонуу зарылдыгын белгиледи. Премьер-министр кырсыктардын алдын алууда экологияны сактоо жана жашылдандыруу маселелери маанилүү экенин белгилеп, министрликти бул иштерге активдүү катышууга чакырды.
Жолугушуунун жүрүшүндө өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов министрликтин чукул кырдаалдардын алдын алуу жана кесепетин жоюу жаатындагы иштери боюнча маалымат берди.