Бүгүн, 2-мартта президент Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Орусияга барды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш сапарынын алкагында Атамбаев Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушат. Өлкө лидерлери жолугушууда кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашмакчы.