Жогорку Кеңештин 3-марттагы жыйынында депутат Канат Исаев өкмөттөн жөнөтүлгөн расмий каттан толтура ката тапканын айтты.
"Акыркы 2-3 айда өкмөткө расмий суроолорду жөнөткөн элем. Мага кат жүзүндө жооптор келди, бирок каталары абдан көп экен. Эки эле беттен турган каттан 25 ката таптым. Эгер гезитке же интернетке мындай каталар менен жооп жарыяланса, аткаруу бийлиги шылдың болот. Өкмөт башка мамлекеттик органдарга үлгү болуш керек",- деп сындады депутат.