Жогорку Кеңеште мамлекеттик символдордун авторлору сыйланышты (фото)

Жогорку Кеңештин 3-марттагы жыйынында мамлекеттик символдордун авторлорунун катышуусунда Мамлекеттик желек күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү.

Анын жүрүшүндө өлкөнүн мамлекеттик символдорунун авторлоруна, 1992-жылдын 3-мартында өлкөбүздүн туусун кабыл алууга катышкан легендарлуу парламенттин мүчөлөрү – Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышынын айрым депутаттарына, аппарат кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды. Ал эми кайтыш болгон авторлордун үй-бүлөсүнө материалдык жардам берилди.

Жыйында чыгып сүйлөгөн Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков мекендештерин Мамлекеттик желек күнү менен куттуктады.

"Бүгүнкү салтанат эгемендиктин 25 жылдыгын утурлай Жогорку Кеңеш тарабынан пландалган иш-чаралардын башталышы гана. Тарыхый мааниси терең Мамлекеттик желек күнүнө карата желектин авторлору Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Жусуп Матаев, гербдин авторлору Садырбек Дубанаев менен Асеин Абдраевди, гимндин авторлорунун бири Шабданбек Кулуевди сыйлоого уруксат этиңиздер. Ал эми көзү өтүп кеткен Калый Молдобасанов, Насыр Давлесов, Жалил Садыков, Сабыр Иптаров, Маматбек Сыдыков сындуу мамлекеттик символдордун авторлорунун үй-бүлөсүнө да Жогорку Кеңештин атынан татыктуу сый көрсөтүлөт. Алардын ысымы эч качан унутулбайт!"- деди төрага.

Мамлекеттик желектин авторлорунун бири Эдил Айдарбеков

Мамлекеттик желектин авторлорунун бири Бекбосун Жайчибеков

Мамлекеттик желектин авторлорунун бири Жусуп Матаев

Гимндин авторлорунун бири Шабданбек Кулуев

Гербдин авторлорунун бири Асеин Абдраев

Гербдин авторлорунун бири Садырбек Дубанаев

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан