Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков бүгүн, 3-мартта Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегинин күнү менен мекендештерди куттуктады. Парламент жыйынында айтылган куттуктоонун мазмуну мындай:
"Урматтуу кесиптештер, кадырлуу меймандар!
Сиздерди жана жалпы мекендештерибизди Жогорку Кеңештин атынан Мамлекеттик желек күнү менен куттуктайм!
Бизге азырынча белгилүү болгон 2200 жылдык мамлекеттүүлүгү бар кыргыз эли эчен ирет тагдырдын катаал сыноолорунан өттү. “Түгөнгөн сайын түтөгөн” түптүү элибиз майтарылбай, кандай кезең болбосун туусун колдон түшүрбөй, улуттук баалуулуктарын, тилин, дилин, каада-салтын сактай алды. Ал үчүн миңдеген жылдар бою кан-жанын аябай күрөшкөн ата-бабаларыбызга ыраазычылык билдиребиз.
Биз атагы ааламга тараган, калеми менен бүтүндөй дүйнөнү багындырган залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдой кайталангыс алп таланттарды тапкан, жарым миллион сапка сыйган “Манас” эпосун кылымдан кылымга, муундан муунга оозеки сактап өткөрүп келген, Кудай сүйгөн, Кудай колдогон элбиз. Биз ошонубуз менен сыймыктанышыбыз керек, Кудайдын берген аманатын түбөлүккө сактоого милдеттүүбүз.
Урматтуу мекендештер!
1991-жылдын 31-августунда Жараткан бизге дагы бир зор мүмкүнчүлүк ыроолоп, легендарлуу парламенттин кезексиз сессиясында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы тууралуу декларация” жөнүндөгү токтом кабыл алынган. Анын негизинде ата-бабаларыбыздын эзелтен келаткан изги тилеги орундалып, өлкөбүз өз алдынча эгемен мамлекет катары жаңы жашоосун баштады. Башкы байлыгыбыз, көөнөргүс дөөлөтүбүз болуп саналган мамлекеттүүлүк кайрадан орноду.
Ошол тарыхый чечимди жана мамлекетибиздин көз карандысыздыгынын, ынтымактуулугунун башкы белгиси саналган мамлекеттик желегибизди 1992-жылдын 3-мартында, 1992-жылдын 18-декабрында гимнди, 1994-жылдын 14-январында гербди кабыл алышкан легендарлуу парламенттин 350 депутатына ыраазычылык билдиребиз. Легендарлуу парламенттин депутаты катары тарыхый чечимдердин кабыл алынышына түздөн-түз катышкан азыркы Жогорку Кеңештин депутаттары Мыктыбек Абдылдаев, Анвар Артыков, Өмүрбек Текебаев, парламенттин аппарат жетекчиси Радбек Ешмамбетов, парламенттин бириккен профсоюз уюмунун жетекчиси Орособек Суранов, Иш башкармалыктын кызматкери Найзабек Боскебеев жана Сүйүнбек Касмамбетов, Сатынды Бактаева, Евгений Лященко сындуу Жогорку Кеңештин ошол кездеги жана учурдагы аппарат кызматкерлери арабызда отурат. Аларга дагы Жогорку Кеңештин атынан ыраазычылык билдиребиз.
Урматтуу депутаттар! Ардактуу замандаштар!
Дагы бир ирет майрамыңыздар менен! Желегибиз түбөлүккө желбиресин! Буюрса, экономикасы дүркүрөп өскөн, дүйнө коомчулугунда кадыры арткан, келечек муун сыймыктангандай күчтүү кыргыз өлкөсүн биргеликте курабыз! Кыргыз мамлекетин, кыргыз өлкөсүнүн жарандарын Кудай колдосун!"