Жогорку Кеңеш педагогдук билими жок адамдарга мугалим болуп иштөөгө уруксат берүү демилгесин колдоду

Жогорку Кеңештин 3-марттагы жыйынында "Билим берүү жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча мыйзам долбоору 1-окууда жактырылды.

Айта кетсек, бул мыйзам долбоору тарабынан педагогдук ишмердүүлүгүнүн тизмесин кеңейтүү менен бирге атайын педагогдук билими жок жана квалификациясыз адамдарга педагог болуп иштөө мүмкүнчүлүгү каралган. Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева билдиргендей, сунушталып жаткан норма бүгүнкү күндүн талабы болуп саналат.

"Мисалы, “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына ылайык, бухгалтердик эсеп боюнча үйрөтүү үчүн атайын педагогдук билим алып, педагогдук квалификацияга ээ болуш керек. Бул мыйзамдын нормасы бардык жерде бузулуп жатат, себеби азыр автотранспорттук каражатты айдоону, компьютердик техниканы үйрөтүү кандайдыр бир педагогдук билим же квалификациясыз эле үйрөтүлүүдө. Мындан тышкары көптөгөн тренингдер өткөрүлүп жатат, алар педагогикалык квалификацияны талап кылбайт. Ошол эле учурда билим берүүчү уюмдарда дагы педагогдук квалификациясы жок мугалимдер иштеп жатышат. Көптөгөн студенттер окуу жайын аяктап, мугалим болуп эмгектенишет, ал үчүн педагогдук билим талап кылынбайт",- деп түшүндүргөн кечээки жыйында Сариева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан