Бүгүн, 3-мартта Жогорку Кеңеште депутат Чолпон Султанбекова Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитеттин төрагасынын орун басарлыгына шайланды.
Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жалпы депутаттардын атынан Ч.Султанбекованы тармактык комитеттин төрагасынын орун басарлыгына шайланышы менен куттуктап, анын ишине ийгиликтерди каалады. Депутат өзүнө чоң ишеним көрсөткөнү үчүн өз кесиптештерине ыраазычылык билдирди.