Жогорку Кеңештин «Республика – Ата Журт» фракциясынын 4-марттагы жыйынында «Коопсуз шаар» долбоору каралып жатат.
Жыйындын жүрүшүндө депутат Таабалды Тиллаев бул долбоорду ИИМ тезирээк ишке ашыруусу зарыл экенин айтты. «Эгер «Коопсуз шаар» долбоору эртерээк ишке ашканда, жарандарыбыздын, милиция кызматкерлерибиздин өмүрү кыйылмак эмес. Мисалы, Тажикстан ушундай долбоорду баштаган. Ага 20 миллион доллар бөлүнүп, 2-3 жылда долбоор өзүн актаган. Бизде болсо 62 миллион доллар бөлүнөрү пландалган. 4 жылдан бери ишке ашыра албай жатабыз. Тажикстандын алдында уят болуп жатабыз»,- деди депутат.