Кыргыз Республикасында Жол-кайгуул кызматы жоюлду. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта парламенттик "Республика - Ата Журт" фракциясынын жыйынында ИИМдин башчысы Мелис Турганбаев билдирди. Анын айтымында, тиешелүү токтомго кечээ, 3-мартта кол коюлган.
Айта кетсек, январь айынын башында ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов Жол-кайгуул кызматы жоюларын билдирген. "Ар бир инспекторго тиешелүү аймак берилет. Диспетчерлер аларды кайсы жерде жол эрежесин бузуу фактысы катталса, ошол жерге жөнөтүшөт. Инспектор унаа менен ошол жерге тез жеткенге шарт түзүлөт",- деп түшүндүргөн Асанов.