Темир Сариев Нарын облусунун активист аялдары менен жолугушат

Бүгүн, 4-мартта премьер-министр Темир Сариев Нарын облусуна бир күндүк иш сапары менен жөнөп кетти. Өкмөттүк аппараттан кабарлашкандай, сапардын алкагында Сариев Нарын шаарында курулуп жаткан Борбор Азия университети менен таанышат.

Ошондой эле Нарын шаарында өтчү билим берүү тармагын өнүктүрүү боюнча республикалык кеңешмеге жана 2016-2020-жылдарга билим берүү кызматын экспорттоо жана билим берүүнүн сапаты боюнча концепциянын бет ачарына катышат. Темир Сариев Нарын облусунун активист аялдары менен да жолугушмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан