Коргоо кеңешинин жумушчу тобу Билим берүү жана илим министрлигинде коррупцияны жоюу иштеринин аткарылышынын жыйынтыгын карады. 6-мартта министрликтен кабарлагандай, министр Эльвира Сариева өзү жетектеген мекемеде коррупция менен күрөшүү жаатында жаңы ыкмалар колдонулуп жатканын белгилеп, өкмөттүн кароосуна мектептерде демөөрчүлөрдүн каражаттарынын ачыктыгын камсыздоо механизмин сунуштаганын айтты. Муну менен мектептер камкордук кеңештери менен биргеликте банктык эсеп ачууга мүмкүнчүлүк түзүлөрү белгиленди.
Жыйынтыгында министрлик коррупция менен күрөшүү иш пландарынын 52 пайызын аткарганы, 27 пайызын жарым-жартылай аткарганы, 21 пайызын аткарбаганы маалымдалды. Иштердин аткарылышы канааттандырарлык деп бааланды.