Премьер-министр Темир Сариев Мамлекеттик каттоо кызматынын “Даректик регистр” маалыматтык системин түзүү иштери менен таанышты

Кечээ, 5-мартта Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Мамлекеттик каттоо кызматынын “Даректик регистр” маалыматтык системин түзүү иштери менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Премьер-министр Темир Сариев “Электрондук өкмөт” жана “Калктын бирдиктүү реестрин” түзүү иштеринин алкагында “Даректик регистрдин” түзүлүшү абдан маанилүү экенин белгилеп, бул систем бардык мамлекеттик органдардын ишин жөнөкөйлөштүрүүгө жана так жүргүзүүгө көмөктөшөрүн билдирди.

“Даректик регистр” өлкөдөгү кыймылсыз мүлктөрдү электрондук түрдө каттоого жана тактоого мүмкүнчүлүк берет. Учурда “Даректик регистрдин” тексттик бөлүгүн ишке ашыруу аяктап, өлкөдөгү 32 миңден ашык көчөдө жайгашкан имараттар киргизилди. “Даректик регистрдин” тексттик бөлүгүн тактоо ишине 600гө жакын адам тартылып, анын ичинде ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар эмгектенүүдө.

Премьер-министр Темир Сариев Мамлекеттик каттоо кызматынын мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды мындай иштерге тартуу аракетин жогору баалап, бул аракеттерди улантуу зарылдыгын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан