Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитети 14-15-мартта Ош шаарында көчмө жыйын өткөрөт.
Комитет мүчөлөрү Кара-Суу районунун Мөнөк айылындагы Маданият үйүнүн абалы менен таанышып, Ош шаардык балдардын инфекциялык ооруканасын, Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборунун шартын көрүп чыгышат. Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борбору менен төрөт үйүнүн абалын да көрүшөрү айтылды.
Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына сунушталып жаткан талапкерлер менен жолугушуулар да уюштуруларын ЖКдан кабарлашты.
Депутаттар Ош облусундагы адам сатууга каршы күрөшүү тармагындагы маселелерди талдашып, адам сатуунун курмандыктарынын социалдык-укуктук абалы, Сирияга тартылып жаткан жарандардын көйгөйүн талкуулашмакчы.