Жергиликтүү бийлик органдарына салык чогултуу укугун берүү демилгесин парламент комитети жактырды

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттин салык жана алымдарды чогултуу ыйгарым укугун ыйгаруу максатында иштелип чыккан мыйзамдын долбоорун үчүнчү окууда жактырды.

Өкмөттүн берген маалыматына караганда, Конституцияда ЖӨБ органдарына мамлекеттин айрым ыйгарым укуктарын ыйгаруу тууралуу жобо камтылгандыктан, азыр айрым мыйзамды анын талаптарына шайкеш келтирүү милдети турат. ЖӨБ органдары тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу жүрүмү каржылык колдоо менен коштолушу керек.

Баш мыйзамга ылайык, ЖӨБ органдарына мамлекеттин бир катар ыйгарым укугу өткөрүлүп берилиши керектиги, бирок каржы жетишсиздигинен улам мындай конституциялык талап ушул кезге чейин аткарылбай келгени айтылды. 2016-жылдын бюджетинде алгач ирет 135 миллион сом өлчөмүндө каражат каралды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан