Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитети парламент төрагасынын орун басары кызматына Чолпон Жакупова менен Алтынай Өмүрбекованын талапкерлигин Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү.
Эки талапкер тең кыргыз парламентиндеги оппозициялык азчылык фракцияларынын өкүлдөрү. Алардын бири Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан парламент төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайланууга тийиш.