Алмазбек Атамбаев: "Бардык мезгилдерде кыргыздын кыраан кыз-келиндери эркектер менен кошо Ата Мекенин коргошкон"

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөдөгү айымдарды 8-Март - Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта президенттик аппараттын басма сөз кызматы жарыялады.

Мамлекет башчынын куттуктоо тексти төмөнкүдөй:

"Урматтуу Кыргыз Республикасынын айымдары!

Сиздерди 8-Март - Аялдардын эл аралык майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Жаздын жарчысы болуп келип, таңкы желаргыдай көңүл сергиткен бул касиеттүү күн аялзатынын бактысына жазылган. Балдарын мээримге бөлөп, бөпөлөп өстүргөн энелерге, үй-бүлөнүн очогун өчүрбөй сактап да, жаны тынбай эмгектенген аялдарга канча таазим кылсак да аздык кылат.

Карт тарыхта далай согуштар менен жокчулуктардын азабын тартса да, улут тукумун улап, жарыкчылыкка балдарды жаратып жана эрезеге жеткирип келген апаларыбызга өзгөчө урмат жана даңк! Бардык мезгилдерде кыргыздын кыраан кыз-келиндери эркектер менен кошо Ата Мекенин коргошкон, улут тагдырына тете маселелерди чечүүгө катышкан.

Өлкөбүздө азыркы тынчтыктын жана ынтымактын өкүм сүрүшүндө, мамлекет пайдубалын чыңдоодо сиздердин эмгекке баа жетпейт. Талыкпас эмгеги, ар кандай турмуштук кырдаалда сабырдуулугу, чыдамкайлыгы жана акылмандыгы менен бүт үй-бүлөгө, мамлекетке бейпилдик менен аруулук алып келген аялдар өзгөчө урматка арзыйт. Кыргыз мамлекетинде бардык тармакта: бизнесте, илимде, маданиятта жана коомдук турмушта аялдардын орду чоң. Ал эми билим жана саламаттык сактоо чөйрөсүндө аялдар басымдуулук кылат.

Ардактуу айымдар!

Үй-бүлөнүн очогу дайыма жанып, мээримге бөлөнүп турганы үчүн сиздерге миң мертебе ыраазыбыз. Сиздер болгон үчүн дүнүйөбүз түгөл, көңүлүбүз шат, пейилибиз жоомарт. Ишиңиздерди ийгилик коштосун, үйүңүздөр ырыскыга толсун, жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпесин. Үй-бүлөңүздө, жамаатыңызда, курбу-курдаштар арасында дайыма сүйүүгө бөлөнүңүздөр. Сиздерге бекем ден соолук, узак өмүр жана үй-бүлөлүк бакыт каалайм!"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан