Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков мамлекетибиздин жалпы айымдарын 8-Март - Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады. Куттуктоодо булар айтылды:
"Урматтуу асылзат айымдар!
Сиздерди Жогорку Кеңештин атынан 8-Март – Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктайм! Миңдеген жылдарды карыткан элибиз эзелтен аялзатына өзгөчө сый мамиле жасап келген. Аялзат – улут уңгусун сактаган мээримдүү эне, жароокер жар жана камкор эже-карындаш. Аялдар – ар бир үйдүн куту, өмүр булагы, жашоо чырагы. Сиздер менен бул дүйнө көрктүү.
Кыргыз мамлекетинин жаркын келечегин түптөө, элдин бакубат жашоосун камсыздоого багытталган зор милдеттерди жүзөгө ашырууда айымдардын орду жогору. Жаратмандыгыңарга, иштермандыгыңарга, ар тараптуу колдооңорго таянып, биргеликте максатыбызга жетебиз. Ишенимдүү тирегибиз болгон кымбаттуу апалар, эже-карындаштарыбыз бар коломтобуздун оту өчпөйт. Ар дайым адам баласына өмүр тартуулай бериңиздер, баарыңыздарга чың ден соолук, узун өмүр, аялдык бакыт каалайм.
Майрамыңыздар менен!"