"Кыргыз мамлекети - Кытай" газ түтүгүнөн алынчу транзиттик акынын 80 пайызы республикалык бюджетке түшөт

Жогорку Кеңеш 10-мартта кыргыз-кытай өкмөттөрүнүн ортосундагы "Кыргыз Республикасы-Кытай" газ түтүгүн курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзам кабыл алды.

Маалыматка ылайык, 35 жылда газ транзити үчүн атайын салыктын суммасы 2,15 миллиард долларды түзүүгө тийиш. Бул акчанын канчасы бюджетке келип түшөрү макулдашууда буга чейин такталбаганы, бул кемчилик жоюлганы маалымдалды. Каражаттын 80 пайызы республикалык бюджетке, 10 пайызы Ош облусун жана Ош шаарын өнүктүрүү фондуна, 10 пайызы Ош облусунун Алай жана Чоң-Алай райондорун өнүктүрүүнүн атайын түзүлүүчү фонддоруна түшмөкчү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан