Спикер Асылбек Жээнбеков Беларустун элчиси менен өлкөлөр ортосундагы алаканы талкуулады

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 11-мартта Беларустун Кыргыз Республикасындагы элчиси Виктор Денисенкону кабыл алды. ЖКнын маалымат кызматынын билдиришинче, тараптар эки тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде экономикалык өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Жээнбеков эки жактуу мамилелердин ырааттуу өнүгүшүн белгилеп, Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагындагы кеңири келечектүү багыттарга токтолду. Мамлекет турмушунун көптөгөн чөйрөлөрүндө кеңири масштабдагы реформалар жүрүп жатканы тууралуу маалымат берди.

“Биз мамлекеттик реформаларды жүзөгө ашырууда дүйнөлүк мыкты тажрыйбаларды пайдаланууга кызыкдарбыз. Кыргыз мамлекетинде фермерлерди колдоого мамлекет тарабынан чоң маани берилүүдө. Бул мамиле мындан ары да улантылат. Биз үчүн силердин республикаңардагы ийгиликтүү, жогорку технологиялуу агрардык өнөр жай өндүрүшүн түзүү өрнөктөрүн ар тараптан изилдөө өтө маанилүү”,- дейт төрага.

Тараптар парламенттер аралык байланышты мындан ары да бекемдөө зарылдыгын белгилешти. Төрага 2016-жылдын 8-апрелинде өткөрүү пландаштырылып жаткан “Евразиялык экономикалык интеграция” Эл аралык форумуна токтолуп, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин катарында беларусь тараптын дагы катышуусу маанилүү экенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан