КСДП ишкерлерге карата салыктык текшерүүнү 2017-жылга чейин токтотуу демилгесин колдобойт

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясында 11-мартта "Салык текшерүүлөрүнө мораторий киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып, долбоорду артка чакыртып алууну сунуштоо чечими кабыл алынды.

Демилгечилердин бири Дастан Бекешевдин айтымында, учурда салыктык текшерүүлөр көбөйүп кеткендиктен, каржылык каатчылык маалында чакан жана орто бизнес өкүлдөрү колдоого муктаж. “Ошондуктан 2016-жылдын 1-апрелинен 31-декабрына чейинки мөөнөттө салыктык пландуу текшерүүлөргө убактылуу мораторий жарыялоо демилгеси сунушталууда. Ал эми 2017-жылдын 1-январынан тарта мыйзам күчүн жоготот”,- дейт депутат.

Талкуунун жүрүшүндө Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Замирбек Осмонов менен экономика министри Арзыбек Кожошев өкмөт бул мыйзам долбооруна өзүнүн терс корутундусун бергенин билдиришти. Алардын пикиринде, сунуш кылынып жаткан мыйзам долбооруна караганда Салык кодексинин юридикалык күчү жогору турат. Бюджеттин киреше бөлүгүнүн толбой калуу тобокелчилиги да бар экенин айтышты.

Бекешев 2008-жылы да салыктык текшерүүлөргө мораторий жарыяланып, натыйжалуу болгонун белгилесе, Замирбек Осмонов: “2008-жылы да салыктык текшерүүлөргө мораторий жарыяланып, жарытылуу деле жыйынтык берген эмес. Кыргыз мамлекетинин Салык кодекси ансыз деле либералдуу. Эгер ишкерлер мыйзамсыз текшериле турган болсо, сотко же укук коргоо органдарына кайрылышса болот”,- деген жооп узатты.

Эскерте кетсек, буга чейин аталган мыйзам долбоорун парламенттин Бюджет жана финансы комитети да четке каккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан