Бишкекке 16-мартта Чехия парламентинин төрагасы келет

Жогорку Кеңештин чакыруусу менен Бишкекке 16-мартта Чехия парламентинин Депутаттар палатасынын төрагасы Ян Гамачек келет. Парламенттен кабарлагандай, анын иш сапары эки күнгө пландалууда. Чехия делегациясы Кыргыз Республикасынын жетекчилеринин деңгээлинде бир катар жолугушууларды өткөрөрү, мындан тышкары Соода-өнөр жай палатасы уюштурган кыргыз-чех бизнес-форумуна да катышары айтылды.

Чехия парламентинин төрагасы кыргыз жериндеги "Интергельпо" чех кооперативинин уюшулганынын 90 жылдыгына арналган көргөзмөнүн ачылышына да катышмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан