Бишкекте 14-мартта "Франкофония жумалыгынын" алкагында тегерек стол өтүп, жыйынга Билим берүү жана илим министрлигинин, Франция, Швейцария элчиликтеринин өкүлдөрү, өлкөдө француз тилинен сабак берген мугалимдер, ЖОЖ кызматкерлери катышты.
Министрлик кабарлагандай, жыйында санариптик китепкананын платформасы тааныштырылып, андан француз тилинен сабак берген мугалимдер электрондук материалдарды колдонсо болору айтылды. "Франкофония жумалыгына" окуучулардын, мугалимдердин катышуусу - француз тилин үйрөнүүгө көңүл бурууга мүмкүндүк түзүүдө. Бул иш-чара түрдүү улуттагы адамдарды француз маданиятынын жалпы идеясына - музыка, тасма, көргөзмө, концерт, сынактарга бириктирип, анда баары французча сүйлөшүүгө мүмкүндүк алышат",- деди билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева.