15-март күнү Жалал-Абад облустук сотунун судьяларынын жалпы чогулушу өтүп, анда облустук соттун төрагасынын жаңы орун басарлары шайланды. Облустук соттун маалымат кызматы билдиргендей, төраганын орун басарлары Мухамед Алаевдин жана Гүлмира Кожобекованын бул кызматта 3 жылдык мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу алардын ордуна жаңы орун басарларынын шайлоосу болду. Ачык шайлоонун жыйынтыгы боюнча алардын ордуна Алмазбек Арзыбаев менен Данияр Исамидинов шайланды.