Бишкекте Чехия парламентинин төрагасы Ян Гамачек баштаган парламенттик делегация иш сапары менен жүрөт. Чехия спикерин 15-мартта "Манас" аэропортунан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Алимбеков баштаган депутаттар тосуп алышты.
Делегация 16-17-март күндөрү Кыргыз Республикасынын жетекчилигинин деңгээлинде бир катар жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу кызматташтык мамилелерди жандандыруу жаатында пикир алышат. Ошондой эле Соода-өнөр жай палатасы уюштурган Кыргыз-чех бизнес-форумуна, кыргыз жериндеги "Интергельпо" чех кооперативинин уюшулганынын 90 жылдыгына арналган көргөзмөнүн ачылышына катышмакчы.