Бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңеште өлкө аймагындагы ломбард ишин мамлекеттик жөнгө салууга багытталган «Ломбарддардын иши жөнүндө» мыйзам долбоору каралды.
Мамлекеттик финансылык көзөмөл кызматынын маалыматы боюнча, өлкөдө ломбард иши лицензиялык уруксат берүү алуу аркылуу жүргүзүлүп келип, кийин мындай талап жоюлуп кеткендиктен, ал Жарандык кодекс аркылуу жөнгө салынып калган.
"Ломбард тармагында азыр талаш-тартыштар арбын. Алардын баарын Жарандык кодекс аркылуу жөнгө салуу мүмкүн эмес. Ломбард иши мамлекеттик жөнгө салуу алкагынан сырткары калбашы керек. Ошондон улам аны мамлекеттик жөнгө салуу максатында атайын мыйзам долбоору иштелип чыкты. Мында ломбард ишин уюштуруу тартиби менен ыраатташтыруу чаралары камтылды",- деп айтылат маалыматта.
Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.