Депутаттар Жогорку Кеңештин оппозициясынан вице-спикерди тандап жатышат. Аталган кызматка эки айым талапкер болду

Бүгүн, 17-мартта Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоо өтүп жатат. Аталган кызматка эки талапкер бар. Алар: "Республика - Ата Журт" фракциясынан депутат Алтынай Өмүрбекова жана "Бир бол" фракциясынан депутат Чолпон Жакупова. Жыйында талапкерлерге эч ким суроо берген жок.

Айта кетсек, Жогорку Кеңеште төраганын эки орун басары болушу керек: бири коалициялык көпчүлүктөн, экинчиси оппозициядан. Бүгүнкү күндө парламенттин төрагасы Асылбек Жээнбеков, коалициялык көпчүлүктөн анын орун басары Нурбек Алимбеков, ал эми оппозициядан орун басарынын оруну бош болууда.

Жогорку Кеңештин коалициялык көпчүлүгүнө 4 фракция (КСДП, "Кыргызстан", "Ата Мекен", "Өнүгүү-Прогресс"), оппозициясына 2 фракция ("Республика - Ата Журт", "Бир бол") кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан