Президент Алмазбек Атамбаев "Куралдуу күчтөрдүн кызматкерлерин запаска бошотуу, 2016-жылдын апрель-июнунда жарандарды кыска мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө" жарлыкка кол койду.
Жарлыктын негизинде, тийиштүү мыйзамдарга ылайык, төмөнкүдөй токтом кылынат:
Мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматкерлери жана альтернативдик кызматтын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан запаска бошотулсун.
Чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктары болбогон, чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, ошондой эле чакыруудан кийинкиге калтырылуу укугунан ажыраган эркек жарандар 2016-жылдын апрель-июнунда Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына мөөнөттүү аскердик кызматка жана альтернативдик кызматка чакырылсын.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кыска мөөнөттүү аскер кызматынын аскер кызматкерлерин, альтернативдик кызматтын кызматкерлерин бошотуу мөөнөтүн жана жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө чакыруу тартибин аныктоо тапшырылсын.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.