Президент ишкердикти өнүктүрүү, ишкерлерди текшерүүнү кыскартууга багытталган жарлыкка кол койду

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев “Ишкердик субъекттеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин укук коргоо жана салык органдары тарабынан текшерүүдө аларды укуктук коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Жарлыктын максаты - ишкердикти өнүктүрүүгө шарт түзүү, укук коргоо жана салык органдарынын ишин тартипке салуу, ишкерлерди текшерүүнү мониторингдөө.

Жарлыкта өкмөткө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен биргеликте мамлекеттик башка органдарды тартуу менен укук коргоо жана салык органдары тарабынан ишин негизсиз текшерүүлөрдөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана ишкердик субъекттерин укуктук коргоо моделин иштеп чыгып, ишке киргизүү сунуш кылынган.

Текшерүүлөрдү каттоонун ачык жана ыкчам механизмдерин камсыз кылуунун зарылчылыгы, алдынкы технологияларды, анын ичинде аларды эсепке алуунун электрондук формасын, текшерүүлөр жөнүндө маалыматты интернетте жарыялоону киргизүү белгиленген.

Мындан тышкары Башкы прокуратурада жана ага баш ийген аймактык прокуратураларда бардык текшерүүлөрдүн бирдиктүү эсебин жүргүзүү сунуш кылынат. Бул текшерүүлөрдүн санын кыскартууга көмөктөшүп, ишкердик субъекттер менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктары бузулганы аныкталган учурда прокуратура органдары чукул арада мыйзамдуулукту бузууларды четтетүүгө милдеттүү болушары белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан