Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Могол жергесинде абал тынч. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта SUPER.KG порталына жергиликтүү милициядан билдиришти. Белгилүү болгондой, аталган аймактагы кыргыз-өзбек чек арасында укук бузуулар катталган жок. Учурда эки өлкөнүн тиешелүү мекемелеринин жетекчилери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.
Айта кетсек, бүгүн, 18-мартта саат 7:40та Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Могол жергесиндеги чек ара такталбаган аймакка өзбек аскерлери 2 сооттранспортёр жана 2 КамАЗ үлгүсүндөгү унааны коюп коюшканы маалым болгон.