Бүгүн, 18-мартта премьер-министр Темир Сариевдин төрагалыгы алдында өлкө чек араларын бекемдөөнүн чаралары боюнча жыйын өттү.
Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жыйынга укук коргоо органдарынын, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Коргоо кеңешинин жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.
Премьер-министр Темир Сариев өлкөнүн чек арасынын кол тийбестигин камсыз кылуу жана бекемдөө боюнча тиешелүү органдар өз милдетин так аткарышы керектигин белгиледи. Мындан тышкары өкмөт башчы тиешелүү органдарга чек аралаш аймактарда жашаган жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу тапшырмасын берди.