Кыргыз мамлекетинин Чек ара кызматынын өкүлдөрү менен өзбек чек арачыларынын жолугушуу учурунда алар "үстүдөн ушундай буйрутма болгон" деп билдиришкенин SUPER.KG порталына Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз бөлүмүнөн бүгүн, 18-мартта кабарлашты.
Маалым болгондой, өзбек чек арачылары эмне себептен блокпост коюп, текшерүүгө алып жаткандарын өздөрү түшүндүрө алышкан эмес, алар буйрутманы аткарып жаткандыгын баса белгилешкен.
"Кербен - Ала-Бука унаа жолундагы кыргыз чек арасына жооптуу чек арачылар тургузулган. Учурда ал аймакка күчөтүлгөн режим киргизилди. Мамлекеттик деңгээлде бул маселе боюнча расмий түшүндүрүүлөр берилген жок. Кыргыз чек арачылары жергиликтүү тургундар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Алар элдин коопсуздугун сактоо үчүн аталган каттам менен жүрбөй турууга чакырууда", - деп билдиришти Чек ара кызматынан.