"Амантай, Эртай, Эсентай". Ошто милициянын майору үч эм уулдуу болду

Ошто милициянын майору Мырзабек Тороев үч эм уулдуу болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлады.

Маалым болгондой, 19-апрелде Ош ШИИББинин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн ыкчам иштер боюнча орун басары, милициянын майору Мырзабек Тороев үч эм уулдуу болгон.

Ал уулдарына Амантай, Эртай, Эсентай аттуу ысымдарды ыйгарган.

SUPER.KG порталы эл кызматындагы Тороевдин уулдарынын бешик боосу бек болуп, эр азамат болуп чоңоюшуна тилектештигин билдирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан