"Ислам мамлекети" деп аталган террордук уюм Бельгиянын Брюссель шаарындагы жардыруулардын жоопкерчилигин мойнуна алды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, Брюсселдеги жардыруулардан каза тапкандардын саны 34 адамга жетти, ал эми ар түрдүү жаракаттарды алгандардын саны 200дөн ашты. "Бул теракт Бельгиянын борборунун тарыхында эң кандуу деп аталды. Брюсселдин мэриясы террордук коркунучтун деңгээлин эң жогорку 4-категорияга көтөрдү. Европалык ири аэропорттор Брюссель менен авиа жана темир жол каттамдарын убактылуу токтотту",- деп жазышат басылмалар.
Айта кетсек, кечээ, 22-мартта эртең менен Брюсселдеги Завентем аэропортунун ичинде 2 жардыруу болгон, бир сааттан кийин метрополитендин жанында 1 жардыруу орун алган.