Кумтөр кениндеги Давыдов мөңгүсү үчкө бөлүнүп, кыйраган абалда. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта "Кумтөр кенинин аймагында жайгашкан муздардын абалы жөнүндө" маселеге арналган парламенттик угууда Борбор Азия жер изилдөө институтунун ага илимий кызматкери Рыскул Усубалиев билдирди.
Анын айтымында, калган мөңгүлөр табигый шарттардын негизинде өзгөрүп жатат. "Лысый, Петров, Сары-Төр жана башка мөңгүлөрдөн жарака кеткен жок. Аймактагы ишканалардан чыккан чаңдар айланадагы мөңгүлөргө таасирин тийгизбейт",- деди адис.
Айта кетсек, парламенттик угууга депутаттар, эксперттер, саясий жана экономикалык серепчилер катышууда. Анын жыйынтыгында резолюция кабыл алынмакчы.