Алмазбек Атамбаев Лахор шаарындагы терактка байланыштуу Пакистандын президентине көңүл айтты

Президент Алмазбек Атамбаев Лахор шаарындагы көп адамдардын өлүмүнө алып келген терактка байланыштуу Пакистандын президенти Мамнун Хусейнге көңүл айтты. "Кыргыз Республикасы терроризмдин бардык түрүн кескин айыптайт жана эл аралык коомчулуктун мындай коркунучка каршы күрөшүү аракетин колдойт",- деп айтылат мамлекет башчынын көңүл айтуу телеграммасында.

Алмазбек Атамбаев курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, жабыркагандардын тез сакайып кетишин каалаарын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан