Өкмөт башчы Темир Сариев бүгүн, 6-апрелде 17-марттагы Аксы окуясын жана 24-марттагы Элдик революция күнүн жыл сайын белгилөө боюнча токтомго кол койду. Бул токтом Март жана Апрель Элдик революцияларын тарыхта калтыруу боюнча президент Алмазбек Атамбаевдин буйругун ишке ашыруу максатында кабыл алынганын өкмөттүк аппараттан кабарлашты.
Ал эми өлкө башчы 7-апрелди дем алыш күндөрдүн катарына кошуу боюнча Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамга кол койду. Ага ылайык, эртең кыргыз өлкөсүндө иш күн эмес.