"Балыкчы - Корумду жана Бишкек - “Манас” аэропорту унаа жолдорунун курулушу боюнча өткөрүлгөн тендерде уткан компанияда өкмөт башчы Темир Сариевдин жеке кызыкчылыгы болгон эмес",- деп билдирди өкмөт башчынын маалымат катчысы Бакыт Асанов SUPER.KG'ге.
Асанов транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаевдин айткандары чындыкка жатпай турганын айтты. "Малабаевдин айткандары чындыкка жатпайт жана негизсиз. Премьер-министр көрсөтмө берген да эмес, эч кимдин кызыкчылыгын коргогон да эмес. Тескерисинче, Сариев ар бир кабыл алынган чечимдин мыйзамдуу болушун талап кылып келет",- деди ал.
Аргынбек Малабаев тендерде уткан компанияда Сариевдин жеке кызыкчылыгы болгонун айтууда. Аталган жолдорду куруу укугун лицензиясы жок кытайлык “Лонг Хай” компаниясы уткан.
Өкмөт башчы Малабаевди кызматтан алуу боюнча президент Алмазбек Атамбаевге сунуш киргизди. Ал эми унаа жолдорунун курулушу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия Сариевдин кызматтан кетүүсүн талап кылууда.