Өкмөт башчы Темир Сариевдин транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаевди кызматтан алуу боюнча президент Алмазбек Атамбаевге жиберген сунушун президенттик аппарат четке какты. Бул тууралуу Ак үйдөгү ишенимдүү булактар билдиришти. Сариевдин бул сунушу мыйзамдуу күчкө ээ болбогондуктан четке кагылган.
Буга чейин Балыкчы - Корумду жана Бишкек - “Манас” аэропорту унаа жолдорунун курулушундагы мыйзам бузууларды текшерген мекемелер аралык комиссия министр Аргынбек Малабаевдин кемчиликтерин айтып, жоопкерчилигин кароо сунушун премьер-министрге берген. Сариев сунушту президентке жолдогон.
Ал эми ал жолдорду куруу укугун лицензиясы жок кытайлык “Лонг Хай” компаниясы уткан. Малабаев тендерде уткан компанияда Сариевдин жеке кызыкчылыгы болгонун айтууда.