Бишкекке 7-апрелде Таиланддын ханбийкеси Маха Чакри Сириндхорн келди. Таиланддык өкүл иш сапарынын алкагында президент Алмазбек Атамбаев жана өлкө башчынын жубайы Раиса Атамбаева менен жолугушат. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине, Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр сүрөт музейине барат.
Ханбийкенин кыргыз жерине жасаган биринчи иш сапары экономика, маданият, билим берүү жана туризм тармагында өлкөлөр ортосундагы байланышты жандантууга түрткү берери белгиленет ТИМдин маалыматында.